1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

4 недели назад

168

Студенттердин чыгармачылыгын жанданткан сынак

 Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы студенттер арасында өтүп жаткан сынак кызуу уланууда. Бул жолу  Экономика жана укук институту жана колледжинин ортосунда өткөрүлдү.

Сынактын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн таланттарын, сахнада алып жүрүү эрежесин жана өз ара ынтымагын, биримдигин көрсөтө алат. Программанын алкагында “Окуу жайымдын менин өнүгүшүмө кошкон салымы” аталыштагы кайсыл кесипте билим алып жаткандыгы боюнча сахналык көрүнүш, кош жылдыз “Бала - ата-эненин күзгүсү” ыр, бийлер жана  улуттук наркты көрсөткөн каада-салттардан көрсөтөт.

          Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу жарлыгына ылайык уюштурулган. Жалпы институт, колледждер менен сынак толук өткөндөн соң окуу жай тарабынан мыкты деп табылган командаларга акчалай сыйлыктар да каралган.