1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

278

Нооруз майрамынын көркүн ачкан ЖАМУнун жаштары

Манас шаарында белгиленип жаткан Нооруз майрамында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) жамааты өзгөчө активдүүлүк көрсөтүп, майрамдык иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүүсүнө өзгөчө салым кошту.

ЖАМУдан барган 200гө чукул студенттер майрамдын маданий бөлүгүнө элдик ырлар, сахналык көрүнүштөргө катышты. Түркүн-түстөгү кыргыздын улуттук кийимдерин кийген студенттер улуттук бийлерди аткарып, көрүүчүлөргө көтөрүңкү маанай тартуулашты.

Ошондой эле окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов баштаган окутуучулар да четте калбастан, улуттук кийимдер менен катышып, кыргыз элинин салттуу оюндарын уюштурушту. Бул оюндар майрамдын мазмунун тереңдетип, элдин кызыгуусун арттырып, Нооруздун улуттук баалуулуктарын даңазалоого өбөлгө түздү.

ЖАМУ билим берүү менен гана тим болбостон, ар бир маданий иш-чараларга активдүү катышып, маданий мурастарды жайылтуу, жаштарды улуттук баалуулуктарга тарбиялоо багытында үлгүлүү иштерди жүргүзүп келет. Быйылкы майрам да университет жамаатынын жана студенттердин биримдигин, чыгармачылыгын жана жогорку уюшкандыгын көрсөттү.