1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

235

Министр Гульзат Исаматова GIZдин өкүлү Удо Фолькерс менен кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту

 Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбор Азиядагы жашыл экономика үчүн жашыл көндүмдөр» долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс мырза менен жолугушуу өткөрдү.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар глобалдык климаттык күн тартибинин шартында «жашыл» көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн актуалдуулугун белгилешип, билим берүү системасын заманбап экономиканын талаптарына ылайыкташтыруунун зарылдыгын баса белгилешти.Министр долбоордун алкагында активдүү кызматташууга даяр экенин билдирип, ошондой эле «жашыл» экономиканын талаптарын эске алуу менен кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин тастыктады. Бул багытта квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүү программаларын жаңылоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында «жашыл» экономиканын талаптарына ылайык кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.