1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

163

Жогорку Кеңештин комитети КРСУнун кампусун куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Аталган макулдашууга 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган.Мыйзам долбоору боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гульнура Мамырова берди.Анын айтымында, макулдашууга ылайык Кыргызстанда Кыргыз-Россия Славян университетинин 15 миң студентке ылайыкташкан заманбап кампусун куруу каралууда. Кампус жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн заманбап материалдык-техникалык база менен камсыздалат.«КРСУнун кампусунун объекттерин куруу Россия Федерациясынын федералдык бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат», — деп белгиледи министрдин орун басары.Ошондой эле долбоордун алкагында кампус окуу корпустары, жатаканалар, медициналык кластер, ашканалар жана башка көмөкчү имараттар менен кошо толук инженердик жана билим берүү инфраструктурасы менен камсыздалат.Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бул долбоорду колдошту. Гүлнура Мамырованын маалыматына ылайык, кыргыз тарап кеминде 30 гектар жер тилкесин бөлүп берүү, ошондой эле тышкы инженердик инфраструктураны даярдоо жана туташтыруу иштерин камсыздайт.Долбоорду ишке ашыруу үч этапта жүргүзүлөт:• биринчи этап — 2026–2027-жылдар;• экинчи этап — 2027–2030-жылдар;• үчүнчү этап — 2030–2032-жылдар.Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун үч окууда жактырышты.