1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Элдик оюндар аркылуу билим берүү натыйжалуу ыкма

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Дистанттык билим берүү институтуна караштуу педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан сырттан окуган 5-курстун студенттери үчүн “Кесиптик-профилдик практика” боюнча багыттоочу конференция уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга окуучуларды сабакка кызыктыруунун заманбап ыкмалары, өзгөчө методикалык ыкмалар тууралуу кеңири маалымат берилип, практикалык сунуштар айтылды. Конференция келечектеги мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Адистерди кесиптик өнүктүрүү институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Таалайбек Уметов “Башталгыч мектепте математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн каражаты катары элдик оюндар” темасында мастер-класс өткөрдү. Анын жүрүшүндө элдик оюндарды колдонуу аркылуу окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, эсептөө көндүмдөрүн жана сабакка болгон кызыгуусун арттыруунун эффективдүү жолдору көрсөтүлдү.

Мындай иш-чаралар болочок мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн арттырууда жана билим берүү процессине жаңычыл ыкмаларды киргизүүдө маанилүү роль ойнойт.