1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

10 месяцев назад

280

1

ААЛАМДЫН КӨРКҮ – АЯЛЗАТ

Урматтуу айымдар, асылзат апалар, ардактуу эже-карындаштар! Баарыңыздарды жаздын,  жаңылануунун жарчысы болгон 8-март Аялдардын  эл арлык майрамы менен өзүмдүн жана окуу жайда эмгектенген бардык мырзалардын атынан куттуктайм!

Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аял затына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, шыктандырып турат. Айымдар – биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөз кенчи.

“Ааламдын көркү – аялзат” демекчи, сиздер алмустактан бери адамзат жашоосунун ажарын ачып, учугун улап келе жатасыздар. Билим берүү жана илим тармагында өз салымыңыздарды кошуп, ийгиликтерди жаратуудасыздар. Балдарга туура тарбия, билим жана илим берип келечекке чоң жол ачуудасыздар. Өлкөнү өнүктүрүүдө кайсы тармак болбосун ар биринде сиздердин оордуңуздар өзгөчө.

Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар!

Сиздерге чың ден соолук, жаздагыдай жаркын маанай каалап, ары маңыздуу, ары түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү иштериңиздерди ийгиликтер жылоолошуна чын ыкластан тилектештик билдирем.