1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

ЖАМУда студенттер жана илимий наам алган окутуучулар сыйланды

Бүгүн, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин административдик кеңешинде жогорку окуу жайларынын «Студенттик стартап - 2025» пилоттук программасынан грант утуп алган студенттер жана илимий наам алган окутуучулар сыйланды.

«Студенттик стартап 2025» сынагында ЖАМУнун эки стартап-долбоору грантка ээ болду. Жеңүүчүлөрдү окуу  жайдын ректору Кенешбек Усенов куттуктап сыйлыктарын тапшырды.

 Карим кызы Лунаранын жетекчилиги астында экономика жана укук колледжинин студенттери Ф. Ахунова, Г. Жолдошова жана А. Батыралиевалар “карылар үчүн арт-терапия” стартап долбоору менен 297 миң 570 сомдук мамлекеттик грантка ээ болушту.  Ал эми Э. Уметов атындагы педагогика институтунан Б. Нышановдун жетекчилиги астында Х . Джумабаева “өзүн-өзү камсыз кылуучу суу-гравитациялык автономдуу микро ГЭС” долбоору боюнча 963 миң 783 сомдук мамлекеттик грантты жеңип алды.

Ошондой эле ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Сталбек Куваковго КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен  “Математика” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды.  Ошондой эле Майрамгүл Нурматовага физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы тапшырылды.