1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

208

ЖАМУнун жамааты шаардык ишембиликке активдүү катышты

Бүгүн, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамааты жана окуу жайга караштуу бардык институттар менен колледждер Манас шаарында жарыяланган шаардык ишембиликке активдүү катышышты.

Ишембилик учурунда  бир катар көчө жана коомдук жайларда тазалоо иштерин жүргүзүп, өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды таштандылардан тазалап, айлана-чөйрөнү ирээтке келтиришти. Университеттин кызматкерлери жана студенттери шаарды таза кармоо жана коомдук жайларды көрктөндүрүү ар бир жарандын милдети экенин баса белгилешип, мындай демилгелерди ар дайым колдоого даяр экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, 14-марттан 16-майга чейин Манас шаарында шаардык ишембилик жарыяланган. Анын алкагында мекеме-ишканалардын кызматкерлерин жана жаштарды айлана-чөйрөнү таза сактоо, шаарды көрктөндүрүү иштерине активдүү катышуу керектиги айтылган.

Шаардын тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө салым кошуу максатында уюштурулган мындай иш-чараларга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамааты жана студенттери ар дайым активдүү катышып келет.