1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

276

ЖАМУда “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин  тилек”   аталышындагы сынак уланууда

ЖАМУнун  студенттери  арасында “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин  тилек” аталышында 2026-окуу жылына карата кароо сынактын кезеги Агрардык-техникалык университети менен Жалал-Абад колледжинин студенттеринде.  

Катышуучулар окуу жайды даңктаган саламдашуу, “Окуу жайымдын менин өнүгүшүмө кошкон салымы” аталыштагы кайсыл кесипте билим алып жаткандыгы боюнча сахналык көрүнүш. Кош жылдыз “Бала - ата-эненин күзгүсү” ыр, бийлер жана  улуттук наркты көрсөткөн каада-салттан бир үзүм аткарышты.

Иш-чаранын максаты ЖАМУдагы таланттуу жаштарды бир аянтчага чогултуу. Окуу менен эле тим болбостон алардын талантын ачуу, студенттерге элибиздин руханий  баалуулуктарын, маданиятын, нарк-насилдерин даңазалоого, өнүктүрүүгө, жайылтууга аянтча түзүү, таланттуу студенттерди чоң сахнага, эл аралык сынактарга даярдоо болуп саналат.

Эскерте кетсек, саамалык Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик ” Уңгужолу жөнүндө №369 жарлыгына карата өткөрүлүүдө.