1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

157

ЖАМУнун инновациялык мектебинин окуучуларынан кайрымдуулук акция

ЖАМУнун алдындагы инновациялык мектептин окуучулары жана мугалимдери балдар психоневрологиялык борборунда дарыланып жаткан балдарга колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушту.

Иш-чаранын алкагында окуучулар борбордогу балдарга азык-түлүк, таттуулар жана оюнчуктарды алып барышты. Мындан сырткары, мектеп жамааты жана каалоочу ата-энелер да үйүнөн колдон келген жардамын көрсөтүп, ар кандай азык-түлүктөрдү жана белектерди беришкен

Кайрымдуулук иш-чарасынын негизги максаты – борбордогу балдарды кубантып, аларга жылуу маанай тартуулоо жана коомчулуктун кайдыгер эмес экенин көрсөтүү. Окуучулар балдар менен баарлашып, оюнчуктарды тапшырып, аларга ыр-бийлерин тартуулап кайтышты.

Мектеп жамааты мындай кайрымдуулук иш-чаралары мындан ары да улантыларын белгилеп, коомчулукту жакшылык кылууга жана бири-бирине колдоо көрсөтүүгө чакырды.