1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

170

ЖАМУда кино тармагын өнүктүрүү жаатында эссе жазуу конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды

Жалал-Абад облустук кинодирекциясы жана “Код” студиясы тарабынан уюштурулган эссе жазуу конкурсу жыйынтыкталды. Сынакка университетинин студенттери активдүү катышып, жалпысынан 400гө жакын студент өз эмгектерин жөнөтүшкөн.

Негизги талап катары анын тарбиялык мааниси, мазмунунун тереңдиги жана идеясынын актуалдуулугу каралды. Ал эми кийинки тандоо туруна өткөн иштер алардын көркөмдүүлүгүнө, талдоо жөндөмүнө жана автордук позициясынын тактыгына жараша тандалып алынды. Алгач 90 студенттин эмгеги өзгөчө бааланып, жыйынтыктоочу этапка өткөн. Жыйынтыгында эң мыкты деп табылган 12 студенттин эсселери тандалып алынып, алардын алтоосуна ыраазычылык каттар, ал эми калган алтоосуна акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Конкурстун негизги максаты кыргыз киносун кеңири жайылтуу, жаштардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана аларды кино тармагына тартуу болуп саналат.

Уюштуруучулар алдыда Жалал-Абад мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташып, студенттер үчүн кино тармагына байланыштуу мастер-класстарды өткөрүү максаты бар экенин билдирди.