1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

295

ЖАМУнун эки стартап-долбоору 2025-жылдагы «Студенттик стартап» пилоттук программасынын жеңүүчүсү болду

Бугүн, 10-мартта Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбордо 2025-жылдагы «Студенттик стартап» пилоттук программасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова катышты.

Ал өз сөзүндө студенттердин демилгелерин колдоонун, жаштар арасында инновациялык ой жүгүртүүнү жана ишкердикти өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Министр мындай программалар студенттердин келечектүү идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп, өлкөнүн инновациялык экосистемасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Гульзат Исаматова стартаптын жеңүүчүлөрүн куттуктап, алардын долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруусуна каалоо-тилектерин билдирип, сунушталган стартаптар Кыргызстанда илимдин, технологиянын жана экономиканын өнүгүшүнө салым кошоруна ишеним билдирди.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынан 10 студенттик стартап-долбоору гранттык колдоого ээ болду.

Алардын катарында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин

• Өзүн-өзү камсыз кылуучу суу-гравитациялык автономдуу микро ГЭС долбоору жана

• Карылар үчүн арт-терапия стартап долбоору жеңүүчү аталып, аларга акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.