8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата ректордун куттуктоосу
Урматтуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенген жана билим алып жаткан асылзат айымдар!
Сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Аялзаты – мээримдүүлүктүн, сабырдуулуктун, акылмандыктын жана сулуулуктун символу. Аял жылмайса аалам жылмаят. Сиздердин жаркыраган жүзүңөр жүрөгүбүзгө жылуулук тартуулайт. Коомубуздун өнүгүшүндө, билим берүү тармагында жана жаш муунду тарбиялоодо аялдардын орду өзгөчө. Үйдө балдарды гана тарбиялап тим болбостон, өлкөбүздүн келечги үчүн жаштарды да тарбиялап, билим берип келесиздер. Биздин университеттин профессордук-окутуучулар курамындагы айымдар билим берүү менен гана чектелбестен, илим-изилдөө иштеринде да активдүү катышып, өлкөбүздүн интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга да салым кошуп келишет. Студенттерге сапаттуу билим берип, аларды мекенчил, билимдүү жана жоопкерчиликтүү инсан катары тарбиялоодо сиздердин эмгегиңиздер абдан баалуу.
Университетибиздин өнүгүшү, билим сапатынын жогорулашы жана илимий жетишкендиктердин арбышы – бул үзүрлүү эмгегиңиздердин натыйжасы. Сиздер билим берүү тармагында гана эмес, коомдук турмушта да активдүү болуп, окуу жайыбыздын кадыр-баркын көтөрүп келесиздер.
Ушул майрам күнү ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, береке жана ишиңиздерге чоң ийгиликтерди каалайм. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жашооңуздар кубанычка жана бакытка толо берсин. Сиздердин мээримиңиздер, акылмандыгыңыздар жана эмгегиңиздер коомубуз үчүн ар дайым баалуу бойдон кала берет. Жаз менен кошо келген 8-Март ар бириңиздерге жаңы дем, жаңы жетишкендиктерди жана жаркын үмүттөрдү алып келсин!
Терең урматтоо менен, ректор Усенов Кеңешбек Жумабекович