1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

195

ЖАМУда “Аалам ажары аялзат” аттуу концерттик программа уюштурулду

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата, окуу жайдын таланттуу мырзалары тарабынан “Аалам ажары  аялзат” аттуу концерттик программа тартууланды.

Майрамдык кечени университеттин Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Маматумаров Абубакир ачып, айымдарды жаздын көркүн ачкан майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Концерттик программада университеттин окутуучулары, маданий-эстетикалык борбордун адистери жана студенттери тарабынан айымдарга арналган ырлар жаңырып, аял затынын коомдогу орду даңазаланды.  Майрамдык кечеде таланттуу аткаруучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, айымдарга жагымдуу маанай тартуулашты.