1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

208

ОшМУнун таланттары ЖАМУда

Ош мамлекеттик университетинин коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева жетектеген делегация Жалал-Абад мамлекеттик университетине иш сапары менен келип, тажрыйба алмашуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш сапардын алкагында коноктор окуу жайдын түзүмү, билим берүү багыттары жана жаштар саясаты боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосунда жаштар иштери багытында кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана тажрыйба алмашууну улантуу боюнча макулдашылды.

Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетинин таланттары тарабынан жандуу үн менен концерттик программа тартууланып, иш-чаранын көркүн ачты. Концерттик номерлер катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, эки окуу жайдын студенттеринин достук мамилесин бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Аталган иш-чара жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.