1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

ЖАМУда “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы сынак старт алды

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик ” Уңгужолу жөнүндө жарлыгына  карата ЖАМУнун  студенттери  арасында “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин  тилек” аталышында 2026-окуу жылына карата кароо сынак башталды.  

Анда командалар институт жана коллеждердин студенттеринин курамынан түзүлөт. Сынактын алгачкы катышуучулары ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педегогикалык институту жана колледжи болду. Алар окуу жайды даңктаган саламдашуу, “Окуу жайымдын менин өнүгүшүмө кошкон салымы” аталыштагы кайсыл кесипте билим алып жаткандыгы боюнча сахналык көрүнүш. Кош жылдыз “Бала - ата-эненин күзгүсү” ыр, бийлер жана  улуттук наркты көрсөткөн каада-салттан бир үзүм аткарышты.

Саамалыктын максаты ЖАМУну ар тараптуу чыгармачыл, интеллектуалдык деңээлде даңазалоо жана студенттер арасында чыгармачылык байланышты жандандыруу, студенттерге элибиздин руханий  баалуулуктарын, маданиятын, нарк-насилдерин даңазалоого, өнүктүрүүгө, жайылтууга аянтча түзүү, студенттерди искусствонун жана маданияттын ар кандай түрлөрүнө кызыгуусун арттырып, таланттуу студенттерди чоң сахнага, эл аралык сынактарга даярдоо болуп саналат.