1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

4 дня назад

94

ЖАМУда Ата-Мекенди коргоочулар жана Ооганчылар күнү белгиленди

23-февраль – Мекенди коргоочулардын күнүнө, 15-февраль Ооганчылар күнүнө карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинде майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Мекенди коргоочулардын эрдиги жана жоопкерчилиги тууралуу баса белгиленип, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, патриоттук ырлар жаңырды. Иш-чаранын негизги максаты – жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, Ата Мекенди коргоо ыйык парз экенин даңазалоо жана өлкө тынчтыгы үчүн кызмат өтөгөн инсандарга урмат көрсөтүү болду. Саамалыка окуу жайда эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери да катышып, аларга ыраазычылык билдирилип, чакан белектер тапшырылды. Ардагерлер бул күн жыл сайын жогорку деңгээлде уюштурулуп университет тарабынан сый көрсөтүлгөнүнө ыраазычылыгын билдирди. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде учурда Ооган согушунун 5 ардагерлери эмгектенет. Ата Мекенди коргоочулардын күнү — кайраттуулуктун, мекенчилдиктин жана жарандык жоопкерчиликтин символу катары ар жылы белгиленип келет.