1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

6 дней назад

70

1

Эл аралык эне тил күнү: Тилдердин достугу даңазаланды

21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата ЖАМУнун педагогика колледжинде «Дүйнө тилдеринин достугу» аталышында иш-чара өтүп, студенттер ар улуттун өз тилинде саламдашуусун тартуулоо менен башташты. Кыргыз тилине болгон өзгөчө сый-урмат көрсөтүлүп, улуттук оюндар өткөрүлдү. Бул аракеттер студенттердин өз эне тилин урматтоосуна, башка тилдерди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.

Концерттик программада ар улуттун элдик ырлары ырдалып, тилдердин тарыхына токтолушту. Саамалыктын көркүн 9 өлкөнүн улуттук бийлери ачты. Атайын жарманке уюштурулуп, коноктор улуттук маданият менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Окуу жайдын жетекчилиги мындай иш-чаралар жаштарды көп тил билүүгө, ар улуттун маданиятын сыйлоого жана өз эне тилин барктоого үндөй турганын белгилешти.

1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы тарабынан жарыяланган 21-февраль «Эл аралык эне тил күнү» жыл сайын 2000-жылдан бери тил жана маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет. Бул майрамды «бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү» деп дагы айтышат.