1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

6 месяцев назад

120

УЛУТТУК БААЛУЛУКТАР МЕНЕН МАТЕМАТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика колледжинде "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына карата ачык сабак уюштурулду. Иш-чара «Карынын кебин капка сал» аталышында өтүп, «Айлануудан пайда болгон имарат – боз үй» темасына арналды. Ачык сабакты колледждин улук окутуучусу, көп жылдык тажрыйбасы бар Жеңишбек Куваков өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө боз үйдүн түзүлүшү, анын айлана формасына байланышкан геометриялык өзгөчөлүктөрү жана математикалык эсептөөлөр аркылуу курулуштагы мыйзам ченемдүүлүктөрү кеңири баяндалды.

Толук видеодон көрсөңүздөр болот 👇👇👇