1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

31

ЖАМУнун экономика жана укук институтунда 15-февраль – Ооганчылар күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

Экономика жана укук институтунда 15-февраль – Ооганчылар күнүнө карата тарбиялык-маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Ооган согушунун ардагерлерин эскерүүгө, алардын мекен алдындагы эмгегин даңазалоого жана студенттерди патриоттук духта тарбиялоого багытталды.

Ошондой эле окуу жайда эмгектенген ооган ардагерлерине урмат-сый көрсөтүлүп, ыраазычылык билдирилип, белектер тапшырылды.

Программага ылайык студенттер тарабынан баяндамалар жасалып,  мекен жөнүндө ырлар аткарылып, сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Мындай иш-чаралар тарыхый окуяларды эскерүү менен катар жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо маанилүү роль ойнойт.

Белгидей кетсек, учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 6 Ооган ардагери эмгектенет.