1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

39

Жаштарга туура жол көрсөтүү ар бирибиздин милдетибиз

Акыркы кездери жаштардын өз жанына кол салуусу, туура эмес жолго түшүп калган учурлар да кездешүүдө. Мындан улам Жалал-Абад колледжинде зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукту чектөө максатында биринчи курстар үчүн “Бул дүйнө кандай сулуу” аталышында иш-чара уюштурулду.

Алгач окуу жайдын активистери тарабынан жэасалган видео ролик тартууланды. Анда студенттердин кыйынчылыка туруштук берүүсү, сыноого сынбай алдыга аракет кылуу керектиги чагылдырылган.

Иш-чаранын максаты — жаштар арасында укуктук маданиятты жогорулатуу, зордук-зомбулукка каршы туруунун жолдору, өз өмүрүнө кол салуунун терс жактары,  үй-бүлө менен коомдогу тынчтык, өз ара түшүнүшүү баалуулуктарын калыптандыруу болду.

Жолугушууга ЖАМУнун мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Абубакир Маматумаров, ички иштер органдарынын кызматкерлери, дин өкүлдөрү катышып жаштарга диний, укуктук жактан баяндамалар жасалды.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери студенттерге зордук-зомбулук фактыларынын коомго тийгизген терс таасирлери, алдын алуу чаралары жана ар бир жарандын мыйзам алдында жоопкерчилиги тууралуу кеңири түшүндүрмө берсе, дин өкүлдөрү мындай көрүнүштөргө исламда кандай каралаары, анын канчалык зыяндуу экендигине токтолду.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар аталган окуу жайда ар бир курстар арасында өткөрүлүп келет.