1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

288

ЖАМУнун медициналык институтунун 268ден ашык студенти FMGE сынагынан жогорку балл менен өттү. 

Жалал-Абад мамлекеттик университети үчүн сыймыктанарлык учур!

Медицина институтунун 268ден ашык студенти 2026-жылдын январь айында FMGE сынагынан ийгиликтүү өттү, жана бул көрсөткүч мындан ары да өсүүдө. Бул — сапаттуу билимдин, берилгендиктин жана мыктылыктын чыныгы чагылышы.

FMGE бул экзамен Индияда медициналык практикага уруксат алуу үчүн өтүлүшү шарт болгон лицензиялык / квалификациялык сынак болуп эсептелет. Бул сынак көп студенттер үчүн өтүү татаал болуп, көпчүлүк учурда болжол менен 20-30% гана студент өтчү. Быйыл Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим алып жаткан студенттер эң жогорку баллдар менен өтүп жатат.