1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

87

Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Евразия КЖ коомдук фонду кызматташтык меморандумуна кол койду 

Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Евразия КЖ коомдук фондунун ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында тараптар билим берүү, илим жана маданият тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар маанилүү макулдашууларга жетишишти.

Анын ичинде:

•  Биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу;

•  Студенттер үчүн стажировка жана тажрыйба алмашуу программаларын уюштуруу;

•  Студенттик демилгелерди, жаштардын долбоорлорун колдоо жана каржылоо;

•  Маданий иш-чараларды, конференцияларды жана семинарларды бирге өткөрүү;

•  Илим изилдөөлөр боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.

Меморандумга ЖАМУнун ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович жана Евразия КЖ коомдук фондунун директору Урумкулова Кымбат Алмазбековна тарабынан кол коюлду. Бул расмий кадам эки тараптын ортосундагы келечектеги тыгыз өнөктөштүктүн негизин бекемдеп, стратегиялык багыттарын аныктады.

Бул келишим билим берүү жаатындагы инновацияларды өнүктүрүү, студенттик демилгелерди активдүү колдоо жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү сыяктуу бир катар маанилүү максаттарды көздөйт. ЖАМУнун жетекчилиги бул кызматташтык студенттерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, университеттин өнүгүүсүнө зор салым кошот деп ишенет.