1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

781

ЖАМУ Манас шаардык мэриясы тарабынан “Мыкты окуу жай” деп табылды 

Жалал-Абад мамлекеттик университети Манас шаардык мэриясы тарабынан 2025-жылдын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Жылдын мыкты окуу жайы”  номинациясы боюнча сыйланды.

Бул сыйлык университеттин билим берүү тармагындагы жетишкендиктери, окуу процессинин сапатын жогорулатуудагы иш-аракеттери, илимий жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылды. Ошондой эле ЖАМУнун студенттеринин жана окутуучуларынын шаардык жана республикалык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышуусу эске алынды.

ЖАМУнун жетекчилиги бул ийгиликти жалпы жамааттын эмгегинин жыйынтыгы катары баалап, мындан ары да билим берүүнүн сапатын арттырууга, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган иштерге активдүү катышаарын белгиледи.