1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

287

Ректор менен студенттердин жолугушуусу өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор Кеңешбек Усенов менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу ачык диалог форматында уюштурулуп, студенттердин сунуш-пикирлерин эркин билдирүүсү үчүн мугалимдер залдан сыртка чыгарылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө алар окуу процессине байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп, стипендия маселеси, сабактардын сапаты жана социалдык шарттар боюнча өз ойлорун ачык айтышты. Университет жетекчилиги айтылган сунуш-пикирлерди угуп, айрым маселелер жеринде,  айрымдарын  чечүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

Ошондой эле жолугушуу учурунда студенттер үчүн түзүлгөн шарттарга токтолуп, алардан окуу гана талап кылынаары айтылды. Ректор жаштарга бош убактысын маданий иш-чараларга, спортко жумшоону кеңеш берип, ийгилик каалады.

Жолугушуу студенттер менен администрациянын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду.