1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

207

ЖАМУда  “Ден соолук - 2026” спартакиадасы жыйынтыкталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинда бир жумага созулган “Ден соолук-2026” кышкы спартакиада жыйынтыкталды. Анда тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси, стритбол, волейбол, футзал жана аркан тартыш боюнча окутуучулар күч сынашып, мыктылар аныкталды. Жеңүүчүлөргө окуу жайдын ректору сыйлыктарды тапшырды.

Оюнга катышкан командалардын ичинен жалпы эсеп менен Эгемберди Уметов атындагы педагогикалык институту биринчи орунду багындырса, экинчи орунду Экономика жана укук институту, үчүнчү орунду Агрардык-техникалык институтунун командасы жеңип, байгелүү сыйлыктардын ээси болушту. Спорттук иш-чарада алдыңкы командалар гана эмес, ар бир катышуучунун өзгөчөлүгү белгиленип, мыкты оюнчулар да сыйланды.

“Ден соолук-2026” спартакиадасынын негизги максаттарынын бири ЖАМУнун курама командасын түзүү болгон. Эми алдыңкы оюнчулар менен команда түзүлүп, окуу жайлар арасында өтүлүүчү таймаштарга даярдыктар жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук нарк жөнүндө жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын «Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө», 2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаларын ишке ашыруу максатында уюштурулду.