1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 месяца назад

85

ЖАМУда «Ден соолук - 2026» кышкы спартакиадасы уланууда 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин институттар аралык профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасындагы “Ден соолук-2026” спартакиадасынын кезеги эркектер арасындагы футзалда.

Окуу жайдын мырзалары футзалда күч сынашып өздөрүнүн мыктылыгын көрсөттү.  Шамдагайлык менен акылды талап кылган оюндун жыйынтыгы боюнча

1-орунду Агрардык-техникалык институту,

2-орунду административтик башкаруу кызматкерлери

3-орунду Экономикалык-юридикалык институту алды.

Кышкы “Ден соолук-2026” спартакиадасы 24-январга чейин уланат. Жеңүүчүлөргө ректорат тарабынан атайын сыйлыктар каралган.