1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

32

ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛОО ОТЧЕТУН ЖАЗУУ БОЮНЧА СЕМИНАР

     «Сапаттуу Билим» билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо   агенттигинин директору Бостонова Парыда Зиябековна жана Абдикеримова Жибек Токтобаевнанын катышуусунда жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын программалык аккредитациядан өткөрүүдө өзүн-өзү баалоо отчетун жазуу боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө программалык аккредитациялоонун максаттары, милдеттери, принциптери тууралуу маалымат берилип, Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары менен тааныштырылды. ЖАМУнун жамааты стандарттардын критерийлери, сапатты камсыз кылуу системасы жана билим берүү программаларынын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо боюнча суроолоруна толук жоопторду алышты.