1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

250

ЖАМУнун РЕКТОРУ, ПРОФЕССОР УСЕНОВ КЕҢЕШБЕК ЖУМАБЕКОВИЧТИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

       Урматтуу Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана жалпы кызматкерлер!

Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Өтүп бара жаткан жыл университетибиз үчүн жоопкерчиликтүү, изденүү жана өнүгүү жылы болду. Бул мезгил аралыгында билим берүү сапатын жогорулатууга, илимий изилдөөлөрдү кеңейтүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана студенттер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган бир катар маанилүү иштер аткарылды. Бул жетишкендиктер — сиздердин ак эмгегиңиздердин, сабырдуулугуңуздардын жана биримдигиңиздердин жыйынтыгы.

Профессордук-окутуучулук курамга — билимге болгон берилгендигиңиздер, жаш муунду тарбиялоодогу жоопкерчилигиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Кызматкерлерибизге — университеттин туруктуу иштешине кошкон салымыңыздар үчүн, студенттерибизге — илим-билимге умтулууңуздар жана активдүү жарандык позицияңыздар үчүн алкыш айтам.

Өтүп бара жаткан жыл бир гана окуу жайыбыз үчүн эмес, облусубуз үчүн да жемиштүү болду десем жаңылбайм. Жаңы ачылыштар, жумуш орундары түзүлдү. Мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруулар болду. Бул ар бир кызматкерге дем-күч берет.

Келе жаткан жылда окуу жайыбыз мындан да чоң ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздүн билим берүү жана илимий өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенем.

Урматтуу мекендештер, жаңы жыл — жаңы үмүттөрдүн, жаңы максаттардын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты болсун. Эски жылда аткарылбай калган жумуштар жаңы жылда аткарылып, ар бир үй бүлөгө жакшылык алып келсин. Жаңы жыл тынчтык, береке, ырыскы жана ынтымак менен кирип келсин. Элибиз аман, өлкөбүз тынч, келечегибиз кең болсун! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик, окууңуздарга жетишкендик каалайм.

Жаңы жылда бардык жакшы тилектер орундалсын!

Терең урматтоо менен, ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович