1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

178

ЖАМУда жыл жыйынтыгы чыгарылды

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жыл жыйынтыгын чыгарды. Анда окуу процессинде жогорку бийиктиктерге жетишкен, коомдук иштерге активдүү катышкан жана өз кесибине жоопкерчиликтүү мамиле кылган мыкты окутуучулар менен студенттерге, жыл ичинде билим берүү, спорт, тарбия иштери жана илимий-изилдөө багытында өзгөчө айырмаланган катышуучуларга ардак грамоталар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле 2025-жылдын сентябрь айынан баштап, 19-декабрга чейин бардык инстиутут, колледждерде сабактарды өтүүнүн сапатын кароо, жакшыртуу  сунуштарын берүү боюнча комиссия түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыкты делген институт, колледждер да акчалай сыйылык ээси болушту. Алар, институттардагы  кафедралар боюнча:

1-орун Филология институтунун Орус филологиясы кафедрасы;

2-орун Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы;

3-орун Экономика жана укук институтунун Экономика эсеп жана каржы кафедрасы.

Ал эми Колледждер боюнча:

1-орун Педагогикалык колледжи;

2-орун Чет тилдер колледжи;

3-орун Жалал-Абад колледжи.

Аталган кафедралардын жана колледждердин окутуучулары башка кафедралардын, колледждердин окутуучуларынан айырмаланып, сабактардын сапатын жакшыртуу жана  студенттердин билимин жогорулатуу багытында өзгөчөлөнгөндүгү үчүн, аларга окуу жай тарабынан 25 миң сомодон 10 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды.  

Жыйындын соңунда ЖАМУнун ректору К.Ж. Усенов бардык сыйлык ээлерин куттуктап, мындан ары да билим берүү тармагында жогорку көрсөткүчтөрдү сактап калууга жана жаңы ийгиликтерди багындырууга чакырды.