1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

140

ЖАМУда балдарга арналган балаты майрамы

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги бөбөктөргө жаңы жылдык балаты майрамын өткөрдү.

Жаңы жылдык балатыга университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки балдары катышты.

Кечени жомок  каармандары ЖАМУнун бий мектеби жана “Сезим” бий ансамблинин таланттуу жаштарынын ыр-бийлери шаңга бөлөдү.

Бул жолу жылдагыдан өзгөчөлөнүп балдарга “Манастын Аккуласы” аттуу жомок коюлуп берилди.

Бөбөктөрдү кубандырган майрамдагы негизги каарман болгон аяз ата, аяз кыз келип, балдардын майрамдык ыр-бийлерине күбө болуп, ар бир балага арналган шириндиктерди, өзгөчө белектерди тапшырды.

Жаңы жыл бөбөктөрдүн өзгөчө сезим менен күткөн майрамдарынын бири. Бул күнү түркүн-түстүү кийинип балдар атайын ырларды жаттап даярдык көрөт.

Балдарга бактылуу балалыктын көз ирмемдерин эсте калтырууда ЖАМУнун балаты майрамы да бар.