1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

47

ЖАМУнун 315 ОКУТУУЧУ ЖАНА СТУДЕНТТЕРИНЕ  АЛТЫН ЖАНА КҮМҮШ ТӨШ БЕЛГИЛЕР ТАГЫЛДЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын калкынын дене бой жактан даярдыгын аныктоочу нормативдик талаптарды аткаруу боюнча ЖАМУда буга чейин көптөгөн спорттук иш-чаралар өткөрүлүп келген.  

Анда нормативтик талаптар боюнча жаш курагына ылайык баскычка бөлүнөт. Талап боюнча 100 м чуркоо, Бийик турникке тартылуу, милдеттүү сыноолор, (тесттер)   тандоого сыноолор,  олтурган абалда алдыга эңкейүү, чөлмөк чуркоо, ордунан узундукка секирүү, спорттук снаряд ыргытуу, чалкасынан жаткан абалда тулку бойду көтөрүү, өз салмагы менен олтуруп туруу жана кросстук чуркоо сыяктуу таймаштар жүргүзүлүп жеңүүчүлөр  аныкталат.

Иш-чаранын максаты нормативдердин комплексин жайылтуу жана Кыргызстандын жаштарынын маданий байланышын тарбиялоо максатын көздөдү.

ЖАМУдан жалпысынан нормативдик сыноолорго 1465 окутуучу жана студент катышып, алардын ичинен 315 катышуучу төш белгилерге татыды. Тактап айтканда, окутуучулар арасынан 11 окутуучу алтын, 13 окутуучу күмүш төш белги менен сыйланса, студенттер арасынан 115 алтын, 196 күмүш төш белги жана тиешелүү күбөлүктөр тапшырылды.

Белгилей кетсек иш чара “Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү.