1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

40

 Гала концерт: “Ыр, бийге турат кумарым – өзгөчө макам алганым”.

Жаңы-жыл алдында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамаатына майрамдык маанай тартууланды. Өткөн жылдан тарта уланып келе жаткан “Ыр, бийге турат кумарым – өзгөчө макам алганым” аталышындагы сынактын жыйынтыгы чыгарылып, окуу жайдын карамагындагы институт, колледждердин жамааты бир сахнага чогулуп чоң программадагы гала концерт коюлду.  Концерттик программага сынактагы эң мыкты делген номерлер тандалып алынган. Анда улуттук ыр-бийлер, манас айтуу жана ЖАМУну түптөгөн залкарлар боюнча көрүнүштөр коюлуп, жандуу ырлар аткарылып, окутуучулардын катылып жаткан таланттары ачылды. Аталган сынак КРнын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктарын аткаруу жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган. Аны менен катар окутуучулар билим жана илим менен чыгармачылыкты айкалыштыруу, маданий чөйрөдө өз таланттарын көрсөтүү болгон. Саамалыктын жүрүшүндө сынактын жеңүүчүлөрү аныкталынып, мыктыларга сыйлыктар тапшырылды. Анда мыкты аткаруучу, мыкты саламдашуу, мыкты манасчы жана элдик ырлар номинациялары боюнча да жеңүүчүлөр аныкталды.

Белгилей кетсек сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду Таш-Көмүр институту алса, 2-орунда Жалал-Абад колледжи ал эми 3-орунду Медицина институту багындырып диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.