1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

4 недели назад

281

Корей тилин окутуу боюнча ЖАМУ менен Түштүк Кореянын Халла университети меморандумга кол койду

Жалал-Абад мамлекеттик университети Халла университети менен кызматташат. Бул тууралуу ЖАМУнун ректору Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Түштүк кореянын Вонджу шаарында жайгашкан Халла унтверситети менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосунда Корей тилин окутуу боюнча Түштүк Кореянын Седжон Хактан институтун ачуу ниетинде кызматташуу-меморандуму түзүлдү. Ага ЖАМУнун ректору К.Ж. Усенов кол койду.

ЖАМУнун базасында болочокто ачыла турган окуу жайдын уюштуруу иштери жакынкы күндөрдө башталмакчы. Институттун ачылышы менен, Жалал-Абад облусунун жаштары корей тилин окуу менен гана чектелбестен, аларда анын маданиятын, тарыхын үйрөнүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр жаралат.

Бул кызматташтыктын алкагындагы жумуштар толук ишке ашса, келерки жылдын август-сентябрь айларында аны ачуу пландалууда.