1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

172

Интеллектуалдык оюндар студенттердин билим деңгээлин жогорулатат

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун чоң жыйындар залында 4-декабрда “Манас” эпосунун күнү, 12-декабрь “Улуттук – адабият күнү”  алкагында ЖАМУнун институт жана колледждеринин студенттеринин арасында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Оюнга ЖАМУнун карамагындагы ар бир институт, колледждин студенттеринен түзүлгөн команда катышууга болот.  Бул жолку таймашта “Манас” эпосунан жана “Ч. Айтматовдун чыгармаларынан” суроолор даярдалган. Ар бир суроого бир мүнөт убакыт коюлуп, атайын калыстар тобунун көзөмөлүндө өткөрүлдү.   

Интеллектуалдык оюндун максаты – ЖАМУнун студенттеринин арасында кыргыздын баатырларын жана залкар жазуучулары жөнүндө маалыматтуулугун артыруу. Таймаш аркылуу  интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, сергек жашоо образын калыптандыруу.

Жалпысынан 13 команда катышты. Оюндун жыйынтыгы боюнча

Филология институтунун КТ-1-24 “Феномен” командасы 1-орунду,  Филология институтунун КТ-1-23 “Каганат” командасы 2-орунду багындырса,  Педагогика институтунун “Мурас” командасы 3-орунду жеңип, мыкты делген командаларга уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылды.