1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

232

ЖАМУнун жаш акындарынын китеби чыгарылат 

12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана таланттуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күн. Кыргызстанда залкарлардын урматына бул күн “Улуттук адабият күнү” катары белгиленип келет.  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде да кыргыздын сыймыгы болгон инсандар эскерилип, улуттук адабият күнү белгиленди. Окуу жайдын студенттери чогулуп залкар жазуучунун, акындардын чыгармаларын окуп, талкууларды уюштурду. Залкарлардын жолун жолдойбуз деген жаш акындар өздөрү жазган чыгармаларды да көркөм окуп, студенттердин колдоосуна татыды.

Филология илиминин доктору, профессор Ибраим  Абдувалиев кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө жылдар бою салым кошуп келет. Ал ЖАМУнун студенттери арасында таланттуу жаштарды чогултуп байма-бай жолугушууларды уюштуруп турат. Бул жолку иш-чарада эң мыкты делген ырларды чогултуп студенттерге дем берүү максатында китеп чыгарууну пландоодо. Учурда жаш калемгерлер менен ырларды тандоо иштери жүрүүдө. Мындай аракеттер акын, жазуучулукка кызыккан жаштар үчүн дем берет.

Белглией кетсек окуу жайда “Улуттук адабият күнүн” утурлай ар бир институт, колледждерде А. Осмоновдун ырлары окулуп, Ч. Айтматовдун чыгармаларынан көрүнүштөр көрсөтүлүүдө.