1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

1

ЖАМУнун студенттери даярдаган тасма мыкты деп табылды

9-декабрь Коррупцияга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан “Биз коррупцияга каршыбыз” аттуу чыгармачыл сынак жарыяланып, “Эң мыкты видеоролик” номинациясы боюнча өткөрүлдү. Анда ЖАМУнун студенттери тарабынан даярдалган тасма мыкты деп табылды.

Иш-чара өлкөдө коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты өстүрүү.  Анда коррупция маселесине студенттердин көз карашы камтылган, түшүндүрүүчү жана таасирдүү мүнөздөгү видео тасмалар кабыл алынды.

Аталган сынака  ЖАМУнун иниститут, колледждеринин студенттери тарабынан даядрдалган  видое тасма жөнөтүлүп, жыйынтыгында Филалогия иниститутунун ЧТк4-24 тайпасынын студенттери тарабынан даярдалган видое материал макты деп табылды. Андан сырткары 7 сынактын видеолору да белгиленип,  алар баалуу белектер менен сыйланды.

Окуу жайдан МТС жана ТИ боюнча проректор А.Т. Маматумаров иш-чаранын жыйынтыгын чыгарууга катышып,  катышуучуларга жана иш-чараны өткөргөн Жалал-Абад облустук прокуратурасына окуу жайдын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 2003-жылдан 9-декабры Коррупцияга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет.