1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

106

"Кыргыз жараны" концепциясын жайылтуу

"Кыргыз жараны" концепциясын коомчулука жана жаштарга жайылтуу максатында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде атайын иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Анын алкагында бүгүн ЖАМУнун студенттерине тарых кафедрасынын окутуучусу Гүлнара Анарбаева тарабынан атайын тренинг өткөрүлдү.

Анда концепцияга камтылган негизги багыттар талкууланып, студенттерге тесттер тапшырылып ага жооптор алынды.Студенттер топко бөлүнүп “Кыргыз жараны” концепциясынын негизги багыттары боюнча презентация жасап, суроолорго жооп берип, өздөрүнүн маалыматтуулугун арттырышты.

Буга чейин концепцияны ишке ашыруу багытында Э.Уметов атындагы педагогикалык институттун тарых кафедрасынын илимпозддору т.и.к. доцент Э. Авазов, т.и.к. улук окутуучу К.А. Халматов, жана т.и.к. доцент Г. Анарбаевалар атайын окутуудан өтүп келген.

Белгилей кетсек, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында, КРнын Президентинин Жарлыгы чыккан. Анын алкагында мекеме-ишканаларда, орто жана жогорку окуу жайларда байма-бай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайылтуу колго алынган.