1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 день назад

12

ЖАМУда “Манас” эпосунун күнүнө карата иш-чаралар башталды

4-декабрда Кыргызcтанда “Манас” эпосунун күнү. Буга байланыштуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинде иш-чаралар башталды. Бүгүн, “Манас-  кыргыз элинин руханий мурасы жана улуттук иденттүүлүктүн булагы”- аталышындагы  кереге кеңеш өткөрүлдү.

Иш-чарага ЖАМУнун мамлекеттик тил, социалдык жана тарбиялык иштер боюнча проректору Абубакир Маматумаров баштаган окутуучулар жана манасчылардан Алимбай  Матов, Абдыманап Сапаралиев катышты.

 Манас эпосу жаштарга биримдикти, ынтымакты жана мекенчилдикти даңазалайт. Жаштардын рухун көтөрүү максатында алгач манасчылар үзүндү айтып, жаштарды Манас эпосун изилдөөгө, Манас айтып жүрүүгө чакырды. Андан соң окутуучулар “Манас” эпосундагы кыргыздардын Анжияндан Алтайга сүрүлүшү жана тарыхы”, “Манастын тилинин өзгөчөлүгү” деген темада баяндама жасап, студенттер менен Манас эпосу боюнча суроо-жооп жана талкуулар жүргүзүлдү. Саамалыктын алкагында ЖАМУнун студенттери да эпостон үзүндү айтып өз өнөрлөрүн көрсөттү.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралында №65  ”Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча “Манас” - улут биримдиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө токтому, аны аткаруу боюнча 2023-2027-жылдарга иш-чаралар планына, ошондой эле 4-декабрь Манас күнүнө карата “Манас-кыргыз элинин руханий мурасы жана улуттук иденттүүлүктүн булагы” аталышындагы  кереге кеңеш уюштурулган. 4-декабрда Кыргызcтанда “Манас” эпосунун күнүнө карата бир нече иш-чаралар өткөрүү пландалууда.