1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 день назад

235

Москвадагы белгилүү онколог Даниил Строяковский ЖАМУнун ардактуу профессору болду

Акыркы жылдары дүйнөдө онкологиялык оорулардын саны өсүп жатканы айтылууда. Кыргызстанда да бул ооруга кабылгандардын саны өсүү менен катар, жашарып жатканы маалым.

 Мындан улам белгилүү онколог, медицина илимдеринин кандидаты Даниил Строяковский өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлерине  баяндама жасады.

Андан соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамына жана болочок дарыгерлерге онкологиялык оорулар боюнча маалымат берип, алдын алуу чараларына токтолуп, суроолоруна жооп берди.

ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору К. Усенов Даниил Строяковскийге ыраазычылык билдирип, ЖАМУнун ардактуу профессору наамын ыйгарды. Мындан ары Строяковский Москвада гана эмес ЖАМУда да онкологиялык оорулар боюнча лекцияларды өтүп тажрыйба бөлүшөт. Бул медицина жаатында билим алып жаткандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Белгилей кетсек Строяковский адистештирилген медициналык басылмалар үчүн 60тан ашык илимий басылмалардын автору. Ал көптөгөн клиникалык изилдөөлөргө катышкан, жаңы эффективдүү препараттар, терапия ыкмалары боюнча изилдөөлөр жүргүзгөн.