1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 дня назад

65

ЖАМУда билим берүү программаларына эл аралык программалык аккредитация жүргүзүү иши жүрүп жатат

2025-жылдын 23-ноябрында Аккредитация жана рейтинг боюнча көзкарандысыз агенттик (НААР/IAAR) “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Медициналык институтунун 560001 «Дарылоо иши» жана 560001 «Дарылоо иши (чет өлкөлүк жарандар үчүн)» билим берүү программаларына эл аралык программалык аккредитация жүргүзүүгө киришти. Аккредитациялоо процедурасы НААР/IAAR талаптары жана стандарттарына ылайык жүргүзүлүп, документтерди талдоону, билим берүү процессине баа берүүнү, негизги кызыкдар тараптар менен жолугушууларды жана материалдык-техникалык базаны текшерүүнү камтыйт.