1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 дня назад

115

"Ыр бийге турат кумарым— өзгөчө макам алганым" сынагы экономика жана укук колледжинде

КРнын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктарын аткаруу жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Ыр, бийге турат кумарым – өзгөчө макам алганым” аталышындагы сынактын кезеги экономика жана укук колледжинде.

Аталган окуу жай башка катышуучулардан өзгөчөлөнүп төкмөлүк өнөрүнө жана улуттук оюндар, тамак-аш көргөзмөсүнө басым жасаган.

Иш-чарада окуу жайдын жетишкендигин видео тасма апкылуу көрсөтүү, улуттук ыр-бийлер, ЖАМУнун залкарларына арналган сахналык көрүнүш жана жаштарга дем берүү үчүн Манас эпосунан үзүндү айтуу керек.

Иш-чаранын максаты билим жана илим менен чыгармачылыкты айкалыштыруу, маданий чөйрөдө өз таланттарын көрсөтүү. Ошондой эле жамааттын ынтымагын бекемдеп, катылган таланттарды алып чыгуу.

Белгилей кетсек бул сынак Жалал-Абад мамлекеттик университетинин институт жана колледждеринин профессордук-окутуучулук курамынын арасында улуттук баалулуктарды жана окуу жайды даңазалоо максатында өткөрүлүүдө. Мындай иш-чаралар достукту, ынтымакты бекемдеп, жаш муундарга маданий мурастарды өткөрүүгө жакшы өбөлгө болот.