1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 дня назад

63

Сот системасы аттуу лекциясы Экономика жана укук институтунун Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасында

2025-жылдын 24-ноябрь күнү Жалал Абад Мамлекеттик Университетинин Экономика жана укук институтунун Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасында, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде уланып жаткан илим айынын алкагында конок лекциясы болуп өттү.

Ага Жалал Абад облустук сотунун төрагасы Сабырова Жыпар Жумадиловна келип, Кылмыш  жаза укуктук дисциплиналар кафедрасына караштуу «Правоохранительные органы» предмети боюнча өтүлүүчү тема: Сот системасы аттуу лекцияны   Юк 1-23, Юк 2-23, Юк 3-23 тайпалары үчүн окуду. Лекция суроо жооптор менен, дискуссия иретинде өтө кызыктуу жана жогорку деңгээлде өттү.  Мындай тажрыйбалуу адистердин катышуусу менен конок лекциялар мындан ары да тез-тез өтүп туруусу боюнча студенттер өздөрүнүн сунуштарын билдиришти. Окуу жай тарабынан уюштурулган жогорудагыдай жолугушуулар студенттердин билимин терең өркүндөтүү үчүн чоң өбөлгө болмокчу.