1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

4 дня назад

22

Программалоо жана чыгармачыл ITидеялар боюнча сынак

Бүгүнкү күндө IT тармагындагы адистерге болгон суроо талап күн сайын өсүүдө. Онлайн иштөө мүмкүнчүлүгү, айлык акынын жогору экендиги, иш орундарынын көптүгү бул кесиптин актуалдуулугун арттырып келет. Мындан улам Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин алдыңкы тажрыйба борбору тарабынан замандын талабы болгон адистик боюнча “КОД ФАНТАЗИЯ” аттуу программалоо жана чыгармачыл ITидеялар сынагын уюштурган. Ага Жалал-Абад облусундагы жогорку жана орто окуу жайларынын 2-3-курсунун студенттери жана Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжи болуп жалпы 5 команда катышты. Сынактын максаты жаш программисттердин чыгармачыл ой-жүгүртүүсүн, код жазуу чеберчилигин жана команда менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү. Катышуучулар команда болуп катышып, шарт боюнча кыска убакытта тааныштыруу жасашат. Андан соң жаңы өз долбоорлорун жактап берет. Негизги багыт жаңы мобилдик/веб-долбоор сунуштоо болгон. Жыйынтыгында Кантөрө Токтомаматов атындагы эл аралык университетинен келген "technova" командасы 1-орунду, Жалал-Абад колледжинин "код ордо" командасы экинчи Заманбап эл аралык университетинин колледжи "ой код" командасы 3-орунду багындырды. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды. Белгилей кетсек бул сынак илим айынын алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин алдыңкы тажрыйба борбору тарабынан биринчи жолу уюштурулду. Алдыда жаштарга дем берип, жаңы идеялар менен иштөөчү дагы көптөгөн сынактарды уюштуруу пландалууда.