1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

174

Климаттык өзгөрүүлөр боюнча ЖАМУда Эл аралык илимий-практикалык конференция

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Климаттын шарттарында экосистемалардын, альтернативдик энергия булактарынын өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу көйгөйлөрү” аталышында Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Акыркы кездери климаттын өзгөрүүсү күч алды.  Мындан улам ЖАМУга Азия жана Орто Азиянын окумуштуулары чогулуп илимий баяндамалар жасалды. Анда Кыргызстандагы токой чарбалары, электр энергиясы, суунун жетишсиздиги жана тоолуу аймактарга басым жасалды.

Казакстандан келген айыл чарба илимдеринин доктору, КазНАИУнун профессору Ержан Кентбаев Казакстандагы токой чарбасы, анын аянты жана учурдагы абалы тууралуу  баяндама жасады. Окумуштуулар климаттык абалдын болуп жаткан көйгөйлөрдү биргеликте чечүү жолдорун изилдөөнү көздөшкөн.

Ал эми Арстанбек Кулиев Бишкек шаарындагы токой институтунда эмгектенет. Бул күнкү илимий конференцияга атайын баяндама жасоого келген. Анткени эл аралык окумуштуулар келгенде көйгөйлөрдүн себебин табуу онойго турат. Мындан улам конференция пайдалуу болгонун жана токой чарбасынын өзгөчөлүгүнө токтолду.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында да бул багытта иштер алгылыктуу жүрүудө. Аталган академиянын академиги Кубанычбек Жумалиев учурда климаттын өзгөрүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын лабораториясы да иш алып барып, изилдөөчүлөрдүн аракети менен айрым көйгөйлөрдүн алдын алынганы конференцияда маалым болду. Ал эми лаборатория негизинен Кытай менен тыгыз иштешип келет.

Климаттын шарттарында экосистемалардын, альтернативдик энергия булактарынын өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу көйгөйлөрү” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференциянын соңунда окумуштуулар Альтернаттык энергия булактары жана жашыл энергия экономика", Кыргыз Республикасынын жаңгак-мөмө токойлору, "Экологиялык жана экономикалык жактан натыйжалуу варианттар чакан ГЭСтерди куруу жөнүндө" деген темаларда секциялык сабактарды өтүштү.

Белгилей кетсек, аталган конференцияга Өзбекстан, Казакстан, Кытай мамлекеттеринен окумуштуулар келип баяндамаларды жасашты. ЖАМУ бул багыттагы Эл аралык конференцияларды байма-бай өткөрүп турат.