1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

ЖАМУдагы 2025-жылы аткарылган илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары чыгарылууда

2025-жылдын 19-ноябрында КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдында түзүлгөн Илимий-техникалык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.  Жыйында КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланган илимий-изилдөө долбоорлорунун 2025-жылда аткарылган иштеринин отчету жана 2026-жылга карата аткарылуу илимий-изилдөө иштерин пландоо боюнча маселелер каралды. Жыйынга Илимий-техникалык кеңештин төрагасы – КРнын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Самаев Урматбек Обозбекович, төраганын орун басары – Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Куваков Сталбек Жеңишбекович, НТКнын жооптуу катчысы – илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Токоева Гулдана Самидиновна жана Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү о.э. илимий-изилдөө иштеринин жетекчилери, долбоордун катышуучулары чакырылды.

Күн тартибиндеги маселе боюнча ЖАМУда аткарылган 3 илимий долбоордун жетекчилеринин отчеттору угулду. Алар:

1.   «Климаттын өзгөрүүсүнүн жаңгак-мөмө токойлорундагы сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөргө жана Сары-Челек коругунун экосистемасына тийгизген таасирин изилдөө».  Илимий жетекчиси: б.и.д., профессор Сакбаева З.И.

2.   «Түштүк Кыргызстандын шартында коларадо коңузу (leptinotarsa desemlineata sau) менен күрөшүнүн интегралдык методдору». Илимий жетекчиси: б.и.к., доцент Жусупбаева Г.

3.   “Жалал-Абад областындагы тарыхый-маданий эстеликтерди компьютердик моделдөө”. Илимий жетекчиси – философияилимдеринин доктору, профессор  Г.С.Токоева

2025-жылы аткарылган илимий-изилдөө иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлгөндүгү жана бул биздин өлкө үчүн илим жаатындагы ийгиликтер экендиги белгиленди.

Ошондой эле 2026-жылга базалык, программалык-максаттуу жана гранттык финансылоо боюнча ИТКнын сунушун КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар боюнча министрлигине сунуштама жолдоо университеттин жетекчилигине тапшырылды.