1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

“Ыр, бийге турат кумарым - өзгөчө макам алганым" аттуу сынак медициналык колледжинде болду

Ден соолук сакчыларынын жумушундагы бир күндүк көрүнүш. Ары түйшүктүү, ары сыймыктуу жумушун чагылдырган ак халатчандар окуу жай тарабынан уюштурулуп жаткан сынакка активдүү катышышты.  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин институт жана колледждеринин профессордук-окутуучулук курамынын арасында улуттук баалулуктарды жана окуу жайды даңазалаган “Ыр, бийге турат кумарым - өзгөчө макам алганым" аттуу сынак бул жолу медициналык колледжинде болду.

Бул жолу улуттук даамдар, натуралдуу азыктар, дары чөптөрдүн көргөзмөсү да уюштурулган. Элдик ырлардан тарта заманбап чыгармалар, кыргыз бийи менен коштолгон жагымдуу атмосфера көрүүчүлөрдүн да көңүлүң көтөрө алды.

Иш-чаранын максаты билим жана илим менен чыгармачылыкты айкалыштыруу, маданий чөйрөдө өз таланттарын көрсөтүү. Сынактын катышуучулары улуттук баалуулуктарды даңазалап, окуу жайдын түптөлүүсүнө салым кошкондор боюнча көрүнүш көрсөтүп, өз таланттарын тартуулашат.

Белгилей кетсек,  сынак КРнын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктарын аткаруу жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Ыр, бийге турат кумарым – өзгөчө макам алганым” аталышында уюштурулууда. Саамалык ушул жылдын февраль айында башталган, жыйынтык декабрь айында чыгарылат. Мыкты делген команда жаңы-жылдык чоң программадагы концертке катышат жана  университет тарабынан акчалай сыйлыктар каралган.