1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

261

Урматтуу ЖАМУнун студенттери, жалындуу жаштар!

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жигердүү студенттери сиздерди 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү менен чын дилимден жеке өзүмдүн жана окуу жайдын атынан куттуктайм.

  Жаштар - элдин ырыскысы, мамлекеттин тирөөчү, ишеничи! Биз заманбап билимге ээ, билимдүү, илимдүү, тарбиялуу, рухий чабыты кенен, креативдүү жаштарга таянып гана өнүгө алабыз.

Бүгүнкү жаштар илим, маданият, искусство, спорт багыттарында жаратмандык менен ийгиликтерди багындырып,  эгемен өлкөбүздү дүйнөгө даңазалап жатышат.

Өлкөбуздөгү көптөгөн  жаштар сыяктуу ЖАМУнун студенттери да зиректиги, көрөгөчтүгү, тарбиясы, мобилдүүлүгү менен коомдо өз ордун табууда. Биз студенттерибиз менен дайыма сыймыктанып келебиз, силердин бийик максаттарды багындырышыңарга ар дайыма ишенебиз.  

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү менен жалпы окуу жайыбыздын 13 миңден ашуун студенттерин куттуктаймын! ЖАМУда билим алууга бардык шарттар түзүлгөн, андыктан силердин алдыңарда талыкпай билим алуу гана турат. Билимдүү болгула, илим менен алектенгиле, чыгармачылыгыңарды өнүктүргүлө, спорт менен машыгып ден соолугуңарды чыңдагыла, эң башкысы адамдык асыл сапаттарга ээ болгула. Силер канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончо жарык болот, жолуңар ачык болот! Ал эми Жалал-Абад мамлекеттик университети сиздер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жада калса чет өлкөдө билимиңерди тереңдетүү үчүн аракетин уланта бермекчи.

ЖАМУ- жаркын келечекке жетелеген жарык жол!

Майрамыңар кут болсун!

Урматым менен

ЖАМУнун ректору,

техника илимдеринин доктору,

профессор К. Ж. Усенов