ДЕКАН КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы токтому менен бекитилген КР жогорку окуу жайынын факультети жөнүндөгү Жобого жана ЖАМУнун деканын шайлоо жөнүндөгү Жобого ылайык Б.Осмонов атындагы ЖАМУ окумуштуулук даражага ээ талапкерлерге
- Филология факультетинин деканы,
- Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин деканы,
-Табигый-техникалык факультетинин деканы бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү иш кагаздарды жарыя гезитке чыккан кундөн тартып 1 ай ичинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун конкурстук комиссиясынын катчысы кабыл алат:
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер тапшырылат:
- ректордун наамына жазылган арыз;
- адистерди каттоо боюнча толтурулган баракча сүрөтү менен;
- резюме, мүнөздөмө;
- факультетти өнүктүрүү боюнча программалык платформасы
- белгиленген форма боюнча жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси;
- соттолбогондугу жөнүндө тактама;
- төмөнкү документтердин көчүрмөсү: билими, окумуштуулук наамы жана даражасы, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, эмгек китепчесинин, сыйлыктарынын күбөлүктөрү жана башка документтердин көчүрмөсү, алар нотариустан же иштеген жеринин кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Дареги: Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү-25, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, маалымат үчүн телефон: 5-04-55.