1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

220

ЖАМУнун окутуучулары сыйланды

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Анда: Билим берүүнүн мыктысы төш белгиси жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулган республикалык сынактын жеңүүчүсүн, Эл аралык турнирдин жеңүүчүсүн сыйлоо;

Окумуштуулар кеңешинин курамына өзгөртүү киргизүү;

Күндүзгү окуу формасынын студенттерине окуу акысынан жеңилдиктерди берүү;

Москва шаардык №62 клиникалык онкологиялык ооруканасынын врач-онкологу, “Московский врач” статусунун ээси, м.и.к. Д. Львовичке ЖАМУнун Ардактуу Профессору наамын ыйгаруу жана башка маселелер каралды.

Жыйында көп жылдык эмгеги, билим берүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси Динара Алимаматовага тапшырылды. Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн алкыш, “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методу республикалык сынакты жеңгендиги үчүн ыраазычылык кат жана  Ардак грамоталар менен Гүлбарчын Каленбекова сыйланды.

 Ал эми Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнерде 3-орунду ээлегендиги үчүн УТк-6-25 тайпасынын студенти Абдулла Асылбеков коло медалы менен сыйланды.